# КР Министрлер Кабинетинин 27.06.2025-ж., № 370 токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 27.06.2025-ж., № 370 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 370
- Кабыл алынган күнү: 01.07.2025
- Редакциянын күнү: 01.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-4674>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/4674>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-4674.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 27.06.2025-ж., № 370 токтому (01.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-4674

---

Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун “Теӊир-Тоо” өнүктүрүү фондунун жана Нарын облусунун райондорун өнүктүрүү фонддорунун маселелери жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун “Теӊир-Тоо” өнүктүрүү фондунун жана Нарын облусунун райондорун өнүктүрүү фонддорунун ишин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 34-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1)Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун “Теӊир-Тоо” өнүктүрүү фонду жана Нарын облусунун райондорун өнүктүрүү фонддору жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

2) cоциалдык жана инфраструктуралык долбоорлор жана жергиликтүү коомдоштуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагында сунушталган долбоорлор үчүн каржылоо алууга өтүнмө 2-тиркемеге ылайык;

3) социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду жана жергиликтүү коомдоштуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагында сунушталган долбоорлорду тандоо критерийлери 3-тиркемеге ылайык;

4) социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду жана жергиликтүү коомдоштуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагында сунушталган долбоорлорду каржылоого келишим 4-тиркемеге ылайык;

5) Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондунун жана Нарын облусунун райондорун өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынын пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча методика 5-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун “Теӊир-Тоо” өнүктүрүү фондунун жана Нарын облусунун райондорун өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары аркылуу каржыланган экономикалык долбоорлор коммерциялык банктар менен аталган фонддордун ортосунда түзүлгөн финансылык макулдашуунун шарттарына ылайык алар аяктаганга чейин ишке ашырылат деп белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү бир айлык мөөнөттө аталган өнүктүрүү фонддорунун уставдык документтерин ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык келтирсин.

4. “Кепилдик фонд”, “Ишкердикти өнүктүрүү фонду” микрокредиттик компаниясы жана “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” ачык акционердик коомдоруна долбоорлорду кошо каржылоо, ишкердик субъекттерине экономикалык долбоорлор боюнча бизнес-пландарды иштеп чыгуу боюнча кепилдиктерди берүү жана кызматтарды көрсөтүү бөлүгүндө белгиленген тартипте көмөк көрсөтүү сунушталсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

1-тиркеме (1).pdf

2-Тиркеме (1).pdf

3-Тиркеме (1).pdf

4-Тиркеме.pdf

5-Тиркеме.pdf

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы А.А. Касымалиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу
