# КР Министрлер Кабинетинин 28.05.2025 №286 токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 28.05.2025 №286 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 286
- Кабыл алынган күнү: 28.05.2025
- Редакциянын күнү: 28.05.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-4657>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/4657>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-4657.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.05.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 28.05.2025 №286 токтому (28.05.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-4657

---

Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамдарын бузуу менен Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын жөнгө салуу жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-майындагы № 164 “Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамдарын бузуу менен Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын жөнгө салуу жөнүндө убактылуу жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги миграциялык мыйзамдарды бузуу менен жүргөн чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасынын аймагында өзүнүн укуктук абалын мыйзамдаштыруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалымдоо боюнча маалыматтык-түшүндүрүү өнөктүгүн жүргүзсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.А. Касымалиев

Тиркемелер

Тиркеме 1

Басып чыгаруу
