# КР Министрлер Кабинетинин 21.05.25 ж.№267

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 21.05.25 ж.№267
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 267
- Кабыл алынган күнү: 26.05.2025
- Редакциянын күнү: 26.05.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-4652>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/4652>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-4652.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.05.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 21.05.25 ж.№267 (26.05.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-4652

---

Эмгек акыны накталай формада төлөөгө жол берилген учурлар жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 91-беренесин ишке ашыруу жана юридикалык жактар болуп саналган иш берүүчүлөр эмгек акыны накталай формада төлөөгө мүмкүн болгон учурларды аныктоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

Кызматкерлерге эмгек акыны накталай формада төлөөгө жол берилет деп белгиленсин:

1) кызматкердин эмгек иши жайгашкан жерде банктык кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн инфраструктура жок болгон учурда;

2) сезондук талаа жумуштарына жумушчуларды жалдоодо;

3) ишкананын алыш-бериш эсептерине камак салынган учурда;

4) турак жай ээлеринин шериктештиктеринин кызматкерлерине (2026-жылдын 1-январына чейин);

5) айыл чарба кооперативдерине.

Ошол эле учурда эмгек акыны накталай формада төлөө иш берүүчүлөрдү салыктарды төлөө жана кызматкерлердин эмгек укуктарын сактоо боюнча тиешелүү документтерди жүргүзүү милдетинен бошотпойт.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы А.А. Касымалиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу
