Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин 21.05.25 ж.№267
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Эмгек акыны накталай формада төлөөгө жол берилген учурлар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 91-беренесин ишке ашыруу жана юридикалык жактар болуп саналган иш берүүчүлөр эмгек акыны накталай формада төлөөгө мүмкүн болгон учурларды аныктоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
Кызматкерлерге эмгек акыны накталай формада төлөөгө жол берилет деп белгиленсин:
1) кызматкердин эмгек иши жайгашкан жерде банктык кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн инфраструктура жок болгон учурда;
2) сезондук талаа жумуштарына жумушчуларды жалдоодо;
3) ишкананын алыш-бериш эсептерине камак салынган учурда;
4) турак жай ээлеринин шериктештиктеринин кызматкерлерине (2026-жылдын 1-январына чейин);
5) айыл чарба кооперативдерине.
Ошол эле учурда эмгек акыны накталай формада төлөө иш берүүчүлөрдү салыктарды төлөө жана кызматкерлердин эмгек укуктарын сактоо боюнча тиешелүү документтерди жүргүзүү милдетинен бошотпойт.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Трудовой Кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 04.10.1997 · № 70 · Күчүн жоготкон