# КР Министрлер Кабинетинин 24.04.2025-ж. № 227 токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 24.04.2025-ж. № 227 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 227
- Кабыл алынган күнү: 30.04.2025
- Редакциянын күнү: 30.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-4644>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/4644>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-4644.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 24.04.2025-ж. № 227 токтому (30.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-4644

---

Кыргыз Республикасынын 2025–2030-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө

Тартыштык шарттарында электр энергиясын керектөөчүлөрдү электр менен ишенимдүү жана үзгүлтүксүз жабдуу, ошондой эле электр менен жабдуучу уюмдардын чыгымдарынын ордун толтурууну камсыз кылуу максатында, “Энергетика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясына ылайык, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын 2025–2030-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясаты тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги керектөөчүлөрдүн бардык топтору үчүн электр энергиясына тарифтерди белгиленген тартипте бекитсин.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 “Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө” токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 299 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 “Кыргыз Республикасынын 2021–2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;

3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-декабрындагы № 328 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы 2 № 192 “Кыргыз Республикасынын 2021–2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;

4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 198 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 “Кыргыз Республикасынын 2021–2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;

5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 413 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 “Кыргыз Республикасынын 2021–2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;

6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-сентябрындагы № 517 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 “Кыргыз Республикасынын 2021–2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” токтому;

7) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 657 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 “Кыргыз Республикасынын 2021–2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;

8) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 199 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 “Кыргыз Республикасынын 2021–2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;

9) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-декабрындагы № 665 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 “Кыргыз Республикасынын 2021–2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;

10) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-апрелиндеги № 190 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 “Кыргыз Республикасынын 2021–2025-жылдарга карата электр 3 энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;

11) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-октябрындагы № 602 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 “Кыргыз Республикасынын 2021–2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;

12) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-декабрындагы № 752 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 “Кыргыз Республикасынын 2021–2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын 1-майынан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.А. Касымалиев

Тиркемелер

Тиркеме 1

Басып чыгаруу
