# КР Министрлер Кабинетинин 14.03.25-ж №131 токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 14.03.25-ж №131 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 131
- Кабыл алынган күнү: 14.03.2025
- Редакциянын күнү: 14.03.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-4624>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/4624>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-4624.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.03.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 14.03.25-ж №131 токтому (14.03.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-4624

---

Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү жөнүндө

Эл аралык билим берүү мейкиндигинде интеграцияланган жана таанылган улуттук жалпы билим берүү системасын куруу, глобалдык атаандаштыкка жөндөмдүү болууга мүмкүндүк берүүчү, улуттун социалдык-маданий мурасын сактоону жана өнүктүрүүнү камсыз кылуучу сапаттуу билим берүүгө коомдун муктаждыктарын канааттандыруу максатында, «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизсин;

- Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартын киргизүүнү тийиштүү жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүргүзсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-июлундагы № 393 «Кыргыз Республикасынын мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

тиркеме.docx

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы А.А. Касымалиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу
