КР Министрлер Кабинетинин 26.12.2024-ж. №807 токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
"Кылым Банк" ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө
Өлкөнүн банк секторун жана финансы системасын өнүктүрүү, банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана экономиканы санариптештирүүгө дем берүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесинин 2-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө "Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17, 26-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте уставдык капиталында мамлекеттин жүз пайыз катышуусу менен “Кылым Банк" ачык акционердик (мындан ары - "Кылым Банк" ААК) түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасыны Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
1) уставдык капиталын 1 000 000 000,0 (бир миллиард) сом өлчөмүндө аныктап, бир акциянын номиналдык наркы 1 000 (бир миң) сом болгон жөнөкөй энчилүү акциялардын 1 000 000 (бир миллион) даанасын чыгаруу жана төлөө жолу менен "Кылым Банк" ААКтын уюштуруучусу катары чыксын;
2) "Кылым Банк" ААКтын уставын иштеп чыксын жана бекитсин;
3) 2027-жылга чейин "Кылым Банк" ААКтын уставдык капиталынын өлчөмүн 5 000 000 000,0 (беш миллиард) сомго чейин жеткирсин;
4) "Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү эске алсын;
5) юридикалык жакты Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында каттоодон өткөрсүн;
6) банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына мыйзамдарда белгиленген тартипте өтүнмө берсин;
7) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
3. "Кылым Банк" ААК Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эсептешүүлөрдү жана клирингдик операцияларды жүргүзүү, баалуу кагаздарды сактоо жана эсепке алуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган баалуу кагаздарга идентификациялык коддорду ыйгаруу, ошондой эле банктык жана башка операцияларды жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктарды берүү менен Кыргыз Республикасынын аймагында борбордук контрагент, улуттук депозитарий жана номерлөөчү агент болуп аныкталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы "Кылым Банк" ААКты туруктуу жайгаштыруу үчүн тиешелүү жайларды тапсын жана анын ишин техникалык, коммуникациялык жактан тейлөөнү камсыз кылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдер аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.А. Касымалиев
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · ага шилтеме бергендер: 2 · байланышкандар: 0
Документке шилтеме берген актылар (2)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Постановление Правительства КР от 5 августа 1993 года №351 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"Постановление · 05.08.1993 · № 351
Документ шилтеме берген актылар (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 21.01.2026 · № 5