КР Министрлер Кабинетинин 26.12.2024 № 806 токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 421 “Жол кыймылынын эрежелерин жана Транспорт каражаттарын пайдаланууга уруксат берүү боюнча негизги жоболорду жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кызмат адамдарынын милдеттерин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
“Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын
4-августундагы № 421 “Жол кыймылынын эрежелерин жана Транспорт каражаттарын пайдаланууга уруксат берүү боюнча негизги жоболорду жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кызмат адамдарынын милдеттерин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 2-пукттун төртүнчү абзацында “1-январынан” деген сөздөр
“1-июлунан” деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнγн 1999-жылдын 4-августундагы N 421 "Жолдо жүрүүнүн эрежелерин жана Транспорт каражаттарын пайдаланууга чыгаруу боюнча жана кыэмат адамдарынын жолдо жүрүүнүн…Постановление · 04.08.1999 · № 421
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 24.07.2015 · № 192