# КР Министрлер Кабинетинин 27.12.2024-ж. № 808 токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 27.12.2024-ж. № 808 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 808
- Кабыл алынган күнү: 27.12.2024
- Редакциянын күнү: 27.12.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-4613>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/4613>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-4613.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 27.12.2024-ж. № 808 токтому (27.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-4613

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салык салуу чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына болгон рыноктук бааларды турукташтыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 17-беренесине, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 341-беренесинин 2-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 131 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 289, 297, 298 жана 299-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

– 1-пунктунун 11-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 137 “Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана ата мекендик айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн жана дыйкан (фермер) чарбаларын колдоо боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

– 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Салык салынуучу жеткирүүлөргө жана салык салынуучу импортко нөл (0) пайыз ставкасы боюнча кошумча нарк салыгы салынуучу товарлардын тизмеги 1-тиркемеге ылайык;

2) Өсүмдүк майын, канаттуулар жана балыктар үчүн тоюттарды өндүрүү үчүн арналган, салык салынуучу жеткирүүлөргө жана салык салынуучу импортко нөл (0) пайыз ставкасы боюнча кошумча нарк салыгы салынуучу чийки заттардын тизмеги 2-тиркемеге ылайык.”;

– жогоруда аталган токтомдун тиркемеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

– ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык 2-тиркеме менен толукталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 249 “Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана рыноктук бааларды турукташтыруу максатында колдонулуучу нөл (0) пайыз ставкасы боюнча кошумча нарк салыгы салынуучу товарлар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

– 1-пункттун биринчи абзацындагы “2024-жылдын” деген сөздөр “2025-жылдын” деген сөздөргө алмаштырылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-майындагы № 264 “Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана рыноктук бааларды турукташтыруу максатында колдонулуучу нөл (0) пайыз ставкасы боюнча кошумча нарк салыгы салынуучу товарлар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

– 1-пункттун биринчи абзацындагы “2024-жылдын” деген сөздөр “2025-жылдын” деген сөздөргө алмаштырылсын.

5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 455 “Социалдык маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ички рыногунда бааларга убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилиши мүмкүн болгон социалдык маанилүү товарлардын тизмегинде:

- 4-пункттагы “күн карама” деген сөздөр алып салынсын;

- 16-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“16. Айыл чарба жаныбарлары, канаттуулар жана балыктар үчүн тоюттар”.

6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-февралындагы № 80 “2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусун өнүктүрүү программасы жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусун өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планында:

- 7-пункттун 7.10-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.

7. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы А.А. Касымалиев

Тиркемелер

Тиркеме 1

Тиркеме 2

Басып чыгаруу
