КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Кыргыз Республикасында мамлекеттик болжолдоонун системасын жана Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдорун иштеп чыгуунун тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолдорун иштеп чыгууну өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, “Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасында мамлекеттик болжолдоонун системасы (мындан ары - Система), 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолун иштеп чыгуунун тартиби (мындан ары - Тартип), 2-тиркемеге ылайык.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) жана мамлекеттик бийликтин башка органдары социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн тиешелүү болжолдорун иштеп чыгууда ушул токтом менен бекитилген Системаны жана Тартипти жетекчиликке алышсын.
3. Илимий-билим берүүчү уюмдарга жана мекемелерге, уставдык капиталында мамлекеттик үлүш 30 пайыздан ашкан чарбакер субъекттерге социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн тиешелүү болжолдорун иштеп чыгууда ушул токтом менен бекитилген Системаны жана Тартипти жетекчиликке алуу сунушталсын.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 711 “Кыргыз Республикасында мамлекеттик болжолдоонун системасын жана Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдорун иштеп чыгуунун тартибин бекитүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы № 395 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомуна тиркеменин 24-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-майындагы № 282 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 711 “Кыргыз Республикасында мамлекеттик болжолдоонун системасын жана Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдорун иштеп чыгуунун тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д. Абылгазиев
Тиркемелер
Тиркеме 1
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы № 395 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 01.07.2013 · № 395
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 711 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик болжолдоонун системасын жана Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн…Постановление · 11.11.2011 · № 711 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндөЗакон · 20.02.2009 · № 61 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-майындагы № 282 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 711 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик болжолдоонун системасын жана…Постановление · 27.05.2014 · № 282 · Күчүн жоготкон