КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 25-февралындагы № 104 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагыЖол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуубоюнча комиссияга караштуу Жол коопсуздугубоюнча секретариатты түзүү жөнүндө”токтомункүчүн жоготту деп таануу тууралуу
Кыргыз РеспубликасынынГраждандык кодексинин 96-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө”Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча комиссияга караштуу Жол коопсуздугу боюнча секретариат жоюлсун.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигибир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тарипте:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча комиссияга караштуу Жол коопсуздугу боюнча секретариаттыжоюу жол-жобосун ишке ашыруу үчүн жоюу комиссиясын түзсүн;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын
25-февралындагы № 104 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча комиссияга караштуу Жол коопсуздугу боюнча секретариатты түзүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д. Абылгазиев
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15
- Постановление Правительства КР от 25 февраля 2004 года № 104 "О создании Секретариата дорожной безопасности при Комиссии по обеспечению безопасности дорожного движения при…Постановление · 25.02.2004 · № 104 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон