# КР Министрлер Кабинетинин 28.05.2024 ж. №267 токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 28.05.2024 ж. №267 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 267
- Кабыл алынган күнү: 31.05.2024
- Редакциянын күнү: 31.05.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-4558>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/4558>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-4558.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.05.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 28.05.2024 ж. №267 токтому (31.05.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-4558

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 “Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Айрым мекемелердин мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын тартипке келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 “Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

– жогоруда аталган токтомдун 18-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу
