# КР Министрлер Кабинетинин 20.03.24 ж. №126 токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 20.03.24 ж. №126 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 126
- Кабыл алынган күнү: 25.03.2024
- Редакциянын күнү: 25.03.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-4537>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/4537>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-4537.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 20.03.24 ж. №126 токтому (25.03.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-4537

---

Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза жана кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарында каралган негиздер боюнча мамлекеттик менчикке өткөн объекттерди ээликтен ажыратуу тартибин бекитүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесин ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 91-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза жана кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарында каралган негиздер боюнча мамлекеттик менчикке өткөн объекттерди ээликтен ажыратуу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу
