# КР Министрлер Кабинетинин 27.02.24-ж. № 83 токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 27.02.24-ж. № 83 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 83
- Кабыл алынган күнү: 29.02.2024
- Редакциянын күнү: 29.02.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-4524>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/4524>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-4524.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 27.02.24-ж. № 83 токтому (29.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-4524

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 59, 85, 127, 130, 131, 329, 414 жана 415-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 127–131-беренелерин ишке ашыруу, рейддик салык контролун уюштуруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана салык постун орнотуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 24-февралындагы № 95 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 59, 85, 127, 130, 131, 329, 414 жана 415-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

– жогоруда аталган токтом менен бекитилген 1–3-тиркемелер ушул токтомдун 1–3-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы А.У. Жапаров

Тиркемелер

Тиркеме 1

Тиркеме 2

Тиркеме 3

Басып чыгаруу
