# КР Министрлер Кабинетинин 28.02.24-ж. № 73 тескемеси

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 28.02.24-ж. № 73 тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 73
- Кабыл алынган күнү: 29.02.2024
- Редакциянын күнү: 29.02.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-4523>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/4523>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-4523.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 28.02.24-ж. № 73 тескемеси (29.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-4523

---

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 423-беренесинин 13-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Соода ишин жүргүзгөн жеке ишкерлер үчүн 0,1 пайыздык ставка боюнча бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы аймагында колдонулуучу Кыргыз Республикасынын базарларынын жана кичи базарларынын реестри тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы ушул тескемени ишке ашыруу боюнча толук чараларды көрсүн.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы А.У. Жапаров

Тиркемелер

Тиркеме 1

Басып чыгаруу
