# КР Министрлер Кабинетинин 29.12.23 ж. №733 токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 29.12.23 ж. №733 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 733
- Кабыл алынган күнү: 09.01.2024
- Редакциянын күнү: 09.01.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-4518>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/4518>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-4518.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 29.12.23 ж. №733 токтому (09.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-4518

---

Нотариалдык иш маселелери жөнүндө

“Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынынын Мыйзамынын 116-беренесинин 6-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Кыргыз Республикасынын нотариустары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жасоо тартиби жөнүндө нускама

1-тиркемеге ылайык;

2) Эркиндигинен ажыратуу же камакта кармоо жайларынын начальниктери тарабынан керээздерди жана ишеним каттарды күбөлөндүрүүнүн тартиби жөнүндө нускама 2-тиркемеге ылайык;

3) Ооруканаларда, госпиталдарда, башка стационардык дарылоо мекемелеринде жана социалдык коргоо мекемелеринде керээздерди жана ишеним каттарды күбөлөндүрүү тартиби жөнүндө нускама 3-тиркемеге ылайык;

4) Аскер бөлүктөрүнүн, бирикмелердин, мекемелердин жана аскердик окуу жайларынын командирлери (башчылары) тарабынан мурастарды жана ишеним каттарды күбөлөндүрүү тартиби жөнүндө нускама 4-тиркемеге ылайык;

5) Нотариалдык иш-аракеттерди электрондук түрдө жасоо жана электрондук документтерди пайдалануу тартиби 5-тиркемеге ылайык;

6) Нотариалдык иш-аракеттерди аралыктан жасоонун тартиби 6-тиркемеге ылайык;

7) Жеке нотариалдык кеңсенин жана нотариалдык бюронун жайына карата талаптар, аларды каттоо тартиби 7-тиркемеге ылайык.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 179 «Нотариалдык иш жүргүзүү маселелери жөнүндө» токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-апрелиндеги № 222 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 179 «Нотариалдык иш жүргүзүү маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 179 «Нотариалдык иш жүргүзүү маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому;

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-августундагы № 461 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун 2-пункту;

5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-июнундагы № 398 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтомунун 6-пункту;

6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 290 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 179 «Нотариалдык иш жүргүзүү маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;

7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-декабрындагы № 586 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн нотариалдык иш чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 1-пункту.

3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Нотариат — кыргызча (1).rar

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу
