# КР Министрлер Кабинетинин 21.12.23 ж. №686 токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 21.12.23 ж. №686 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 686
- Кабыл алынган күнү: 25.12.2023
- Редакциянын күнү: 25.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-4510>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/4510>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-4510.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 21.12.23 ж. №686 токтому (25.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-4510

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-июнундагы № 304 “Апостиль коюу үчүн жыйымдардын өлчөмү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 58-беренесинин 1-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-июнундагы № 304 “Апостиль коюу үчүн жыйымдардын өлчөмү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

– 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“1. Апостиль коюу үчүн жыйымдардын өлчөмдөрү төмөнкүдөй белгиленсин:

1) 2 жумуш күндүн ичинде – 1340 сом;

2) 1 жумуш күндүн ичинде – 3760 сом;

3) 3 сааттын ичинде – 8460 сом.”.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу
