КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-январындагы № 2 “Кыргыз Республикасында дары-дармек каражаттарына рецепт жазуу жана аларды берүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
“Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык дары-дармек каражаттары менен камсыз кылуу боюнча калкты тейлөөнү жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-январындагы № 2 “Кыргыз Республикасында дары-дармек каражаттарына рецепт жазуу жана аларды берүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“3. Рецепт менен берилүүчү дары-дармек каражаттары эл аралык патенттелбеген аталышы менен бекитилген үлгүдөгү рецепттердин бланктарына гана жазылары белгиленсин.”;
2) ЛС-1 формадагы рецепттик бланк ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
3) ЛС-2 формадагы рецепттин бланкы күчүн жоготту деп таанылсын;
4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Дары-дармек каражаттарына рецепт жазуу эрежелеринде:
- 5-пунктунун экинчи, төртүнчү, бешинчи жана алтынчы абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 6-пунктундагы “Жеңилдиктерге укугу бар бейтаптардын бардык категорияларына акысыз же жарым-жартылай төлөө менен” деген сөздөр алып салынсын;
- 7-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 8-пунктунун биринчи абзацындагы “дарыгердин фармацевттик кызматкерге кайрылуусу” деген сөздөр “рецепт” деген сөз менен алмаштырылсын;
- 12-пунктунун “а)” пунктчасынын экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 18-пунктунун үчүнчү абзацындагы “жеңилдетилген жана акысыз рецепттер боюнча берилүүчү дары-дармек каражаттары,” деген сөздөр алып салынсын;
- 20-пунктунун биринчи абзацындагы “, анын ичинде акысыз жана жеңилдетилген шартта аларды алууга” деген сөздөр алып салынсын;
- 2-тиркемеде:
- мамлекеттик тилдеги бүткүл текст боюнча “Ичтен кабыл алуучу” жана “Ичтен кабыл алуу үчүн” деген сөздөр түрдүү жөндөмөдөгү “Ичүүчү” деген сөз менен алмаштырылсын;
- 5 жана 6-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын “
5
Морфин сульфаты (таасири 12 сааттан кем эмес башка аналогдору)
Ичүүчү узак таасири бар таблеткалар 10 мг 30 мг 60 мг 100 мг 200 мгПероралдык кабыл алуу үчүн эритме,100 мл/бөт.2 мг/мл; 20 мл бөт. 20 мг/мл.
160 таблетка 60 таблетка 20 таблетка 20 таблетка 20 таблетка 2 бөтөлкө 2 бөтөлкө
6
Морфин гидрохлориди
Саюу үчүн эритме, 1 мл-ден 10 мг ампула 10 мг таблеткалар 5 мг таблеткалар
40 ампула 100 таблетка 200 таблетка
.”;
12-пунктундагы “16” жана “8” деген цифралар тиешелүү түрдө “20” жана “10” деген цифралар менен алмаштырылсын;
5) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Фармацевттик уюмдардын дары-дармек каражаттарын берүү эрежелеринде:
- 3-пунктундагы “Ушул эрежелердин” деген сөздөр “Ушул токтом менен бекитилген Дары-дармек каражаттарына рецепт жазуу эрежелеринин” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 12-пунктунда: биринчи абзацындагы “, ошондой эле жеңилдиктүү шарттарда же акысыз берилген рецепттер да” деген сөздөр алып салынсын;
үчүнчү абзацындагы “, ошондой эле акысыз жана жеңилдетилген негизде берилген дары-дармек каражаттарына рецепттер” деген сөздөр алып салынсын;
121-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын; - 13-пунктунун төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
6) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Рецепттик бланктарды сактоо тартиби жөнүндө нускамада:
- 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Саламаттык сактоо уюмдарын жана жеке практикадагы дарыгерлерди ушул токтом менен бекитилген ЛС-1 формадагы рецепттик бланк менен камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдары тарабынан өз алдынча белгиленген үлгү боюнча жүргүзүлөт.”;
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев
Тиркемелер
Тиркеме 1
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-январындагы №2 "Кыргыз Республикасында дары-дармек каражаттарына рецепт жазуу жана аларды берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 05.01.2011 · № 2 · Күчүн жоготкон
- Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндөЗакон · 02.08.2017 · № 165 · Күчүн жоготкон