# КР Министрлер Кабинетинин 13.09.23 ж. №469 токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 13.09.23 ж. №469 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 469
- Кабыл алынган күнү: 21.09.2023
- Редакциянын күнү: 21.09.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-4479>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/4479>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-4479.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.09.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 13.09.23 ж. №469 токтому (21.09.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-4479

---

Экспорттук контролдоо максатында жүргүзүлүүчү товарларды жана технологияларды көз карандысыз идентификациялоо системасы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын контролдонуучу продукцияларынын улуттук контролдоо тизмесине киргизилген чийки заттардын жана материалдардын, жабдуулардын жана технологиялардын, илимий-техникалык маалыматтардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн, кош багыттагы продукциялардын түрлөрүнө жана интеллектуалдык иштин натыйжаларына карата тышкы экономикалык ишти контролдоо механизмин өркүндөтүү максатында, “Экспорттук контроль жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 8-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

Контролдонуучу продукцияны идентификациялоо укугуна уюмдар тарабынан уруксат алуунун эрежелери 1-тиркемеге ылайык;

– Экспорттук контролдоо максатында контролдонуучу продукцияны идентификациялоо жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги төмөнкүлөрдү ишке ашырсын:

– жалпы методикалык жетектөөнү жана лицензиялык талаптардын сакталышын мамлекеттик контролдоону;

– контролдонуучу продукцияны идентификациялоо укугуна уруксат алган уюмдардын реестрин жүргүзүүнү.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу
