Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин 17.07.23 ж. №364токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Атайын декларацияны берүү тартиби жөнүндө
“Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 10-бөлүгүнө жана 8-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Активдер жөнүндө атайын декларацияны толтуруу жана күбөлөндүрүү тартиби 1-тиркемеге ылайык;
2) активдер жөнүндө атайын декларациянын формасы
2-тиркемеге ылайык;
3) Активдер жөнүндө атайын декларациянын реестрин жүргүзүү тартиби 3-тиркемеге ылайык;
4) Активдер жөнүндө атайын декларациянын реестринин формасы 4-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги республикалык бюджеттин кирешесине декларациялык төлөмдү чегерүү үчүн аккумуляциялык эсепти камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги атайын декларацияларды күбөлөндүрүүчү нотариалдык иш-аракеттерди жасоо укугуна ээ ыйгарым укуктуу кызмат адамдарын атайын декларациянын формасы менен камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын
20-апрелиндеги № 158 “Мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо жөнүндө декларацияны берүү тартиби тууралуу” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндөЗакон · 06.06.2023 · № 117
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 158 "Мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо жөнүндө декларацияны берүү тартиби тууралуу" токтомуПостановление · 20.04.2021 · № 158 · Күчүн жоготкон