# КР Министрлер Кабинетинин 29.05.23 ж. №285 токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 29.05.23 ж. №285 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 285
- Кабыл алынган күнү: 06.06.2023
- Редакциянын күнү: 06.06.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-4444>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/4444>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-4444.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.06.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 29.05.23 ж. №285 токтому (06.06.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-4444

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 202 “2022–2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

2022–2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү концепциясын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планынын айрым пункттарынын иш-чараларын ишке ашыруу мөөнөттөрүн узартуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 202 “2022–2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөйөзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2022–2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү концепциясын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планында:

1) “Ишке ашыруу мөөнөттөрү”графасында:

– 1-пунктта:

1-пунктчада:

экинчи саптагы “2022-жылдын 1-сентябрына” деген сөздөр “2023-жылдын 1-февралына” деген сөздөргө алмаштырылсын;

үчүнчү саптагы “2022-жылдын 1-октябрына” деген сөздөр “2024-жылдын 1-мартына” деген сөздөргөалмаштырылсын;

төртүнчү саптагы “2022-жылдын 1-октябрына” деген сөздөр “2024-жылдын 1-мартына” деген сөздөргө алмаштырылсын;

алтынчы саптагы “2022-жылдын 1-октябрына” деген сөздөр “2024-жылдын 1-мартына” деген сөздөргө алмаштырылсын;

жетинчи саптагы “2022-жылдын 1-октябрына” деген сөздөр “2024-жылдын 1-мартына” деген сөздөргө алмаштырылсын;

2-пунктчадагы “2022-жылдын 1-сентябрына” деген сөздөр “2023-жылдын 1-февралына” деген сөздөргөалмаштырылсын;

3-пунктчада:

биринчи саптагы “2022-жылдын 1-сентябрына” деген сөздөр “2023-жылдын 1-январына” деген сөздөргө алмаштырылсын;

экинчи саптагы “2022-жылдын 1-декабрына” деген сөздөр “2024-жылдын 31-декабрына” деген сөздөргөалмаштырылсын;

5-пунктчадагы “2022-жылдын 1-декабрына” деген сөздөр “2023-жылдын 31-декабрына” деген сөздөргөалмаштырылсын;

– 2-пунктта:

7-пунктчанын экинчи сабындагы “2023-жылдын 1-июлуна” деген сөздөр “2024-жылдын 1-январына” деген сөздөргөалмаштырылсын;

8-пунктчанын биринчи сабындагы “2022-жылдын 1-декабрына” деген сөздөр “2023-жылдын 1-сентябрына” деген сөздөргөалмаштырылсын;

9-пунктчада:

биринчи саптагы “2022-жылдын 1-декабрына” деген сөздөр “2023-жылдын 1-мартына” деген сөздөргө алмаштырылсын;

экинчи саптагы “2022-жылдын 1-сентябрына” деген сөздөр “2023-жылдын 1-ноябрына” деген сөздөргө алмаштырылсын;

– 3-пунктта:

10-пунктчада:

биринчи саптагы “2022-жылдын 1-сентябрына” деген сөздөр “2023-жылдын 1-декабрына” деген сөздөргө алмаштырылсын;

экинчи саптагы “2022-жылдын 1-сентябрына” деген сөздөр “2024-жылдын 1-июлуна” деген сөздөргө, “2023-жылдын 1-сентябрына” деген сөздөр “2024-жылдын 1-июлуна” деген сөздөргө алмаштырылсын;

бешинчи саптагы “2023-жылдын 1-июнуна” деген сөздөр “2024-жылдын 1-декабрына” деген сөздөргөалмаштырылсын;

алтынчы саптагы “2023-жылдын 1-ноябрына” деген сөздөр “2024-жылдын 1-декабрына” деген сөздөргө алмаштырылсын;

– 4-пунктта:

12-пунктчадагы “2023-жылдын 1-майына” деген сөздөр “2024-жылдын 1-майына” деген сөздөргөалмаштырылсын;

– 5-пунктта:

13-пунктчанын экинчи сабындагы “2023-жылдын 1-майына” деген сөздөр “2024-жылдын 31-декабрына” деген сөздөргөалмаштырылсын;

15-пунктчадагы “2022-жылдын 1-сентябрына” деген сөздөр “2023-жылдын 1-мартына” деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) “Күтүлүүчү натыйжа” графасынын 1-пунктунун 4-пунктчасынын экинчи сабы төмөнкүдөйредакцияда баяндалсын:

“Бажы органдарынын ортосунда товарларды жеткирүүдө укук бузуулар боюнча тобокелдиктер азайтылды”;

3) төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

– 1-пункттун 1-пунктчасынын бешинчи сабы:

– 1-пункттун 6-пунктчасы;

– 2-пункттун 8-пунктчасынын экинчи сабы.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу
