КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү, ченемдик укуктук актылардын сапатын жогорулатуу жана инвентаризациялоо жол-жобосун оптималдаштыруу, министрликтердин жана ведомстволордун ченем жаратуу ишин координациялоону камсыздоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары – Комиссия) жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги ушул токтомду аткаруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары:
1) туруктуу негизде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Кыргыз Республикасынын Конституциясына шайкештиги, маселенин укуктук жөнгө салуусунун толуктугу, маселенин ашыкча укуктук жөнгө салуусун аныктоо, аларда карама-каршылыктардын жана коллизиялардын жоктугу, коррупциялык тобокелдиктердин пайда болушун жок кылуу боюнча талдоо жүргүзүшсүн;
2) зарылдыгына жараша, бирок кварталына бир жолудан кем эмес Комиссиянын кароосуна ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун киргизишсин;
3) инвентаризациялоонун алкагында даярдалган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Комиссиянын чечими менен жактырылгандан кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кароосуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинде белгиленген тартипте киргизишсин.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-майындагы № 276 “Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын
2-февралындагы № 56 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-майындагы № 276 “Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтому.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев
Тиркемелер
Тиркеме 1
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-майы № 276 "Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 07.05.2015 · № 276 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-февралындагы № 56 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-майындагы № 276 "Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор…Постановление · 02.02.2017 · № 56 · Күчүн жоготкон