# КР Министрлер Кабинетинин 06.04.23 ж. №197 токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 06.04.23 ж. №197 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 197
- Кабыл алынган күнү: 14.04.2023
- Редакциянын күнү: 14.04.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-4417>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/4417>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-4417.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 06.04.23 ж. №197 токтому (14.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-4417

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы № 87 “Жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Визалык режимди либералдаштыруу жана Кыргыз Республикасынын инвестициялык, ишкердик жана туристтик тармактарын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1./Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын

7-февралындагы № 87 “Жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирүүчү жана 2025-жылдын 31-декабрына чейин колдонулуучу Тизменин алтымыш тогузунчу–сексенинчи абзацтарынан тышкары, кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.”;

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жарандарына жөнөкөйлөштүрүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин тизмесинде:

төмөнкүдөй мазмундагы сексенинчи абзац менен толукталсын:

“Йемен Республикасы(\*\*)”.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу
