# КР Министрлер Кабинетинин 21.01.23 ж. №30 токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 21.01.23 ж. №30 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 30
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2023
- Редакциянын күнү: 02.02.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-4364>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/4364>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-4364.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 21.01.23 ж. №30 токтому (02.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-4364

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-августундагы № 488 “Эсепке алуу жана отчет берүү боюнча бюджетти болжолдоого жана аткарууга карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол-жоболору жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Республикалык бюджетти аткаруу жөнүндө отчеттордун формаларын өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 27, 116, 118-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1.,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын

16-августундагы № 488 “Эсепке алуу жана отчет берүү боюнча бюджетти болжолдоого жана аткарууга карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол-жоболору жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Эсепке алуу жана отчет берүү боюнча бюджетти болжолдоого жана аткарууга карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол-жоболору жөнүндө нускамада:

−,13-пункт төмөнкүдөй мазмундагы элүү алтынчы –алтымышынчы абзацтар менен толукталсын:

“− “Каражаттарды жайгаштыруу” КЭК;

− “Электрондук төлөмдөр” КЭК.

Мамлекеттик бюджет боюнча башкы китептин балансынын жыйынды отчетунда:

− “Каражаттарды жайгаштыруу” КЭК – коммерциялык банктарда жайгаштырылган бюджеттик системанын бюджеттеринин убактылуу бош каражаттары эсепке алынат, алар учурдагы бюджеттик жыл аяктаганга чейин кайтарылууга тийиш;

− “Электрондук төлөмдөр” КЭК – Электрондук төлөмдөрдүн мамлекеттик системасы аркылуу бюджеттик системанын бюджеттеринин түшүүлөрү эсепке алынат, БКЭге киргизилген учурдан тартып эсепке алынууга тийиш.”;

− жогоруда аталган Нускаманын 3-тиркемесинде:

төмөнкүдөй мазмундагы элүү үчүнчү, элүү төртүнчү саптар менен толукталсын:

“

401. Каражаттарды жайгаштыруу

402. Электрондук төлөмдөр

”.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу
