КР Министрлер Кабинетинин 24.01.23 ж. №33 токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 21-ноябрындагы № 648 “Жогорку кесиптик медициналык билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарында чет өлкөлүк жарандарды кабыл алуунун айрым маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Билим берүү уюмунун сапатынын деңгээлин баалоо жол-жобосун жүргүзүүдө бирдей шарттарды түзүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 21-ноябрындагы № 648 “Жогорку кесиптик медициналык билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарында чет өлкөлүк жарандарды кабыл алуунун айрым маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 2, 3-пункттардагы “чет өлкөлүкагенттиктерде” деген сөздөр “агенттиктерде” деген сөзгө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · ага шилтеме бергендер: 0 · байланышкандар: 0
Документ шилтеме берген актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 21ноябрындагы № 648 "Жогорку кесиптик медициналык билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарында чет…Постановление · 21.11.2022 · № 648
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122