КР Министрлер Кабинетинин 29.12.22 ж. №720 токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 19-декабрындагы № 594 "Кадамжай сурьма комбинаты" ачык акционердик коомунун туз чогулткучтарынын канааттанарлык эмес абалынын натыйжасындагы ыктымалдуу экологиялык зыянды болтурбоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" токтомунун колдонулушун жокко чыгаруу тууралуу
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен калдык сактоочу жайлар менен иштөө чөйрөсүндө иштеген ишканалардын ортосундагы жоопкерчиликти чектөө жана калктын коопсуздугун камсыздоонун натыйжалуулугун жогорулатуу, айлана-чөйрөнү булгоонун алдын алуу жана бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 19-декабрындагы № 594 "Кадамжай сурьма комбинаты" ачык акционердик коомунун туз чогулткучтарынын канааттанарлык эмес абалынын натыйжасындагы ыктымалдуу экологиялык зыянды болтурбоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" токтомунун колдонулушу жокко чыгарылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Жапаров
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 19-декабрындагы № 594 "Кадамжай сурьма комбинаты" ачык акционердик коомунун туз чогулткучтарынын канааттанарлык эмес абалынын…Постановление · 19.12.2005 · № 594 · Күчүн жоготкон