# КР Министрлер Кабинетинин 13.01.23 ж. №11 токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 13.01.23 ж. №11 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 11
- Кабыл алынган күнү: 17.01.2023
- Редакциянын күнү: 17.01.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-4326>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/4326>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-4326.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.01.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 13.01.23 ж. №11 токтому (17.01.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-4326

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 131 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 289, 297, 298 жана 299-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 131 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 289, 297, 298 жана 299-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

– жогоруда аталган токтомдун 11-тиркемесинин үчүнчү сабы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“

1001 99 0000

Буудай жана меслин башкалар, үрөндүк эмес

”.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу
