# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-июнундагы № 277 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-июнундагы № 277 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 277
- Кабыл алынган күнү: 22.06.2018
- Редакциянын күнү: 22.06.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-432>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/432>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-432.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.06.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-июнундагы № 277 токтому (22.06.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-432

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 115 «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүлүшүн оптималдаштыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 115 «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкаруу схемасы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги:

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго шайкеш келтирсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу чараларын көрсүн.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр М.Д. Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу
