# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-майындагы № 202 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-майындагы № 202 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 202
- Кабыл алынган күнү: 03.05.2019
- Редакциянын күнү: 03.05.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-43>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/43>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-43.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.05.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-майындагы № 202 токтому (03.05.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-43

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 “Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Статистикалык маалыматтардын сапатын жогорулатуу, статистикалык маалыматтарды топтоону өркүндөтүү үчүн шарттарды түзүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 “Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун 6-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-майынан тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Тиркеме 1

Басып чыгаруу
