Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин 16.12.22 ж. №700 токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
“Кыргыз фондулук биржасы” жабык акционердик коомунун аянтчасында баалуу металлдарды сатуу жөнүндө
Баалуу металлдар рыногун өнүктүрүү жана баалуу металлдарды сатуу механизмин андан ары өркүндөтүү максатында, “Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик баалуу металлдар жана асыл таштар фондунун баалуу металлдарын биржалык тооруктарда сатуунун тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жыл сайын республиканын өндүрүштүк, финансылык, илимий, социалдык-маданий керектөөлөрүн жана башка мамлекеттик кызыкчылыктарын камсыз кылуу үчүн республикалык бюджетти түзүүдө биржалык тооруктарда аларды сатуу үчүн зарыл болгон көлөмдөрдө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик баалуу металлдар жана асыл таштар фондун түзүү жана толуктоо үчүн бюджеттик каражаттардын көлөмүн, ошондой эле баалуу металлдарды “Кыргыз фондулук биржасы” жабык акционердик коому аркылуу сатууга даярдоо үчүн зарыл болгон чыгымдарды карасын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндөЗакон · 05.08.2022 · № 87