КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-апрелиндеги № 141 “Кыргыз Республикасынын ишканаларынын, мекемелеринин жана уюмдарынын кызматкерлерин аттестациялоодон өткөрүү тартиби жөнүндө типтүү жобону жана аттестациялоодон өтүүчү ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлеринин кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кадрларды тандоону жана жайгаштырууну жакшыртуу, кызматкерлерге квалификациясын жогорулатууга дем берүү, иштин сапатын жана натыйжалуулугун жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 197-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-апрелиндеги № 141 “Кыргыз Республикасынын ишканаларынын, мекемелеринин жана уюмдарынын кызматкерлерин аттестациялоодон өткөрүү тартиби жөнүндө типтүү жобону жана аттестациялоодон өтүүчү ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлеринин кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын аттестациялануучу кызматкерлеринин кызмат орундарынын тизмесинде:
- биринчи абзацы “участкалардын” деген сөздөн кийин “, токой питомниктеринин, музейлердин, станциялардын, чарбалардын” деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы элүү алтынчы абзац менен толукталсын:
“Егерлер”;
- төмөнкүдөй мазмундагы сексен бешинчи жана сексен алтынчы абзацтар менен толукталсын:
- “Токойчулар
Токой башчылары”;
- төмөнкүдөй мазмундагы токсон биринчи абзац менен толукталсын:
“Токой мастери”;
- төмөнкүдөй мазмундагы жүз он үчүнчү абзац менен толукталсын:
“Аңчылар”.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д. Абылгазиев
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-апрелиндеги № 141 "Кыргыз Республикасынын ишканаларынын, мекемелеринин жана уюмдарынын кызматкерлерин аттестациялоодон өткөрүү тартиби жөнүндө типтүү…Постановление · 06.04.2011 · № 141 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексиКодекс · 04.08.2004 · № 106 · Күчүн жоготкон