# КР Министрлер Кабинетинин 25.11.22 ж. №657 токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 25.11.22 ж. №657 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 657
- Кабыл алынган күнү: 21.12.2022
- Редакциянын күнү: 21.12.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-4280>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/4280>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-4280.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 25.11.22 ж. №657 токтому (21.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-4280

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 «Кыргыз Республикасынын 2021–2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Бюджеттик керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына тарифтерди колдонууну жөнөкөйлөтүү максатында, «Энергетика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 «Кыргыз Республикасынын 2021–2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын 2021–2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатынын 3-главасында:

– он жетинчи абзацындагы «252» деген цифралар «340» деген цифралар менен алмаштырылсын, «, ал 1,35 жогорулатуу коэффициентине түзөтүлөт» деген сөздөр алып салынсын;

– отуз биринчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;

2) Кыргыз Республикасынын 2021–2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатынын 1-тиркемесинде:

– 6-пунктта:

«2022-ж. 01.06.» графасындагы «252,0» деген цифралар «340,0» деген цифралар менен алмаштырылсын;

«Жогорулатуу коэффициенти» деген позиция алып салынсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу
