# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 293 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 293 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 293
- Кабыл алынган күнү: 22.06.2018
- Редакциянын күнү: 22.06.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-426>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/426>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-426.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.06.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 293 токтому (22.06.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-426

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 «Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

«Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 221-беренесин ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 «Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма төртүнчү абзац менен толукталсын:

«- «Калктын эс алуу жана ден соолугун чыңдоо уюмдарына карата санитардык эпидемиологиялык талаптар» санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери 23-тиркемеге ылайык.».

- ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы 23-тиркеме менен толукталсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Тиркеме 1

Басып чыгаруу
