# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-июнундагы № 268 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-июнундагы № 268 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 268
- Кабыл алынган күнү: 25.06.2018
- Редакциянын күнү: 25.06.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-425>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/425>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-425.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.06.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-июнундагы № 268 токтому (25.06.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-425

---

Кыйыр салыктар боюнча отчет чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин ченемдерин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-апрелиндеги № 234 “Кыйыр салыктар боюнча салык отчетунун, товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздын, акциздик товарларды алдыдагы алуу, товарларды ташып келүү (ташып кетүү) жөнүндө кабарлоонун формаларын жана аларды толтуруу тартиптерин бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

-жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыйыр салыктар боюнча отчеттун формасын толтуруу жана берүү тартибинде:

613-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

614-пунктундагы “360” цифралары “359” цифралары менен алмаштырылсын;

615-пунктундагы “361” цифралары “360” цифралары менен алмаштырылсын;

62-пунктундагы “361” цифралары “360” цифралары менен алмаштырылсын;

-жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыйыр салыктар боюнча отчеттун “КНСтен бошотулган импорт” 3-тиркемеси (FORM STI-123-003) ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-июлундагы № 491 “Кошумча нарк салыгы жана акциз салыгы боюнча салык отчетунун формаларын, аларды толтуруу жана берүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

-жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кошумча нарк салыгы боюнча отчетту толтуруу жана берүү тартибинде:

45-пунктунда:

4-пунктчасынын таблицасында “200-299 “Бошотулган жеткирүүлөр” бөлүмүндөгү “Импорттоочу өзү өндүргөн дандан КНСтен бошотулган унду жеткирүү” “223” коду жана позициясы күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2018-жылдын 1-июнунан тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр М.Д. Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу
