# КР Министрлер Кабинетинин 06.11.22 ж. №606 токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 06.11.22 ж. №606 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 606
- Кабыл алынган күнү: 17.11.2022
- Редакциянын күнү: 17.11.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-4223>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/4223>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-4223.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 06.11.22 ж. №606 токтому (17.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-4223

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 517 “Жер казынасын пайдалануу процессинде бузулган жерлерди рекультивациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Рекультивациялык эсептин каражаттарын пайдалануунун ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 517 “Жер казынасын пайдалануу процессинде бузулган жерлерди рекультивациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жер казынасын пайдалануу процессинде бузулган жерлерди рекультивациялоо жөнүндө жободо:

– 41-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Мында рекультивация боюнча иш-чараларды өткөрүү максатында ыйгарым укуктуу органдардын талабы боюнча банктар бир жолку төлөмдөрдү камсыз кылууга милдеттүү.”.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу
