# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 294 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 294 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 294
- Кабыл алынган күнү: 25.06.2018
- Редакциянын күнү: 25.06.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-422>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/422>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-422.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.06.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 294 токтому (25.06.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-422

---

Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын улуттук тизмесин бекитүү жөнүндө

«Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө» жана «Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын улуттук тизмеси, 1-тиркемеге ылайык;

- Жашоо үчүн маанилүү медициналык буюмдардын улуттук тизмеси, 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 693 «Кыргыз Республикасында жашоого маанилүү дары-дармек каражаттарынын тизмесин бекитүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр М.Д. Абылгазиев

Тиркемелер

Тиркеме 1

Басып чыгаруу
