# КР Министрлер Кабинетинин 14.11.22 ж. №620 токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 14.11.22 ж. №620 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 620
- Кабыл алынган күнү: 16.11.2022
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-4219>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/4219>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-4219.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 14.11.22 ж. №620 токтому (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-4219

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 26-ноябрындагы № 579 “Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүктүн бланкынын сүрөттөлүшүн бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Сирия Араб Республикасынын аймагында туулгандыгы фактысын ырастаган кандайдыр бир документтери жок Кыргыз Республикасынын жарандарын, анын ичинде жашы жете элек балдарды документтештирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 26-ноябрындагы № 579 “Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүктүн бланкынын сүрөттөлүшүн бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

– 31-пункттун экинчи абзацы “Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө” деген сөздөрдөн мурда “Сирия Араб Республикасынан репатриациялануучу Кыргыз Республикасынын жарандарына, анын ичинде алардын жашы жете элек балдарына убактылуу күбөлүктү тариздөөдөн тышкары,” деген сөздөр менен толукталсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу
