# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 296 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 296 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 296
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2018
- Редакциянын күнү: 25.07.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-420>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/420>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-420.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 296 токтому (25.07.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-420

---

Кылмышка шектүүлөрдү, айыпталуучуларды камакта кармоого тоскоол болгон оор оорулардын тизмесин бекитүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, “Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык колдонууга киргизилген Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 118-беренесин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кылмышка шектүүлөрдү, айыпталуучуларды камакта кармоого тоскоол болгон оор оорулардын тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Тиркеме 1

Басып чыгаруу
