# КР Министрлер Кабинетинин 14.10.22 ж. №565 токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 14.10.22 ж. №565 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 565
- Кабыл алынган күнү: 18.10.2022
- Редакциянын күнү: 18.10.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-4167>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/4167>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-4167.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.10.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 14.10.22 ж. №565 токтому (18.10.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-4167

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-мартындагы № 110 “Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары тарабынан расмий эскертүүнү жарыялоонун тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Ченемдик укуктук актылардагы карама-каршылыктарды четтетүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-мартындагы № 110 “Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары тарабынан расмий эскертүүнү жарыялоонун тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) преамбуласындагы “16-беренесинин 7-бөлүгүнө” деген сөздөр “21-беренесинин 1-бөлүгүнүн 10-пунктуна” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары тарабынан расмий эскертүүнү жарыялоонун тартиби жөнүндө нускамада:

– 1-пунктундагы “16-беренесинин 7-бөлүгүнө” деген сөздөр “21-беренесинин 1-бөлүгүнүн 10-пунктуна” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

– жогоруда аталган Нускаманын 1-тиркемесинде:

“16-беренесинин 7-бөлүгүнө” деген сөздөр “21-беренесинин 1-бөлүгүнүн 10-пунктуна” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

– жогоруда аталган Нускаманын 3-тиркемесинде:

“16” деген цифралар “21” деген цифралар менен алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2023-жылдын 8-январынан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу
