# КР Министрлер Кабинетинин 14.10.22 ж. №563 токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 14.10.22 ж. №563 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 563
- Кабыл алынган күнү: 14.10.2022
- Редакциянын күнү: 14.10.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-4163>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/4163>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-4163.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 14.10.22 ж. №563 токтому (14.10.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-4163

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 234 “Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2022/2023-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын экономика тармактарынын жана калкынын 2022/2023-жылдардын күз-кыш мезгилинен туруктуу өтүүсүн камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 234 “Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2022/2023-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

– аталган токтомдун 8-тиркемеси бул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

– аталган токтомдун 11, 12-тиркемелери бул токтомдун

2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу
