Министрлер Кабинетинин 526 токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
ыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 748 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин регламентин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мыйзам долбоорлоо ишин өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын
24-октябрындагы № 748 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин регламентин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышындагы жана преамбуласындагы түрдүү жөндөмөлөрдөгү “Өкмөт” деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү “Министрлер Кабинети” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мыйзам долбоорлоо иштеринин регламентинде:
– 9-пунктунун биринчи абзацындагы “жыл сайын” деген сөздөр “Жогорку Кеңештин ишинин сессиялык мезгилине” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– 11-пунктунун алтынчы абзацындагы “ноябрынан” деген сөз “июнунан” деген сөз менен алмаштырылсын;
– 12-пунктунун биринчи абзацындагы “тийиштүү мезгилге” деген сөздөр “Жогорку Кеңештин ишинин сессиялык мезгилине” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– 13-пунктунда:
биринчи абзацтагы “ноябрдан” деген сөз “июндан” деген сөз менен алмаштырылсын;
экинчи абзацтагы “декабрдан” деген сөз “июлдан” деген сөз менен алмаштырылсын;
– 17-пунктундагы “учурдагы жылга” деген сөздөр “тийиштүү мезгилге” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2.. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров
Тиркемелер
Тиркеме 1
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · ага шилтеме бергендер: 0 · байланышкандар: 0
Документ шилтеме берген актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 748 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мыйзам долбоорлоо иштеринин регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 24.10.2012 · № 748
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122