# Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 522 токтому

- Толук аталышы: Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 522 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: № 522
- Кабыл алынган күнү: 28.09.2022
- Редакциянын күнү: 28.09.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-4130>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/4130>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-4130.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.09.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 522 токтому (28.09.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-4130

---

Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө контрактты банктык коштоону жүзөгө ашыруу жөнүндө

“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

Төмөнкүлөр бекитилсин:

Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө контрактты банктык коштоону камсыз кылуу тартиби 1-тиркемеге ылайык;

Контрактты банктык коштоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу банктардын тизмеги 2-тиркемеге ылайык.

Сатып алуучу уюмдар (агент, эгерде мамлекеттик сатып алууга агент контракт түзсө) мамлекеттик сатып алууга биринчи контракт түзүлгөнгө чейин Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө контрактты банктык коштоону камсыз кылуу тартибинин 3-пунктунда аныкталган шарттарга ылайык келген ыйгарым укуктуу банктардын ар бири менен контрактты банктык коштоо жөнүндө келишим түзсүн.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2022-жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

Бул токтом 2022-жылдын 16-октябрынан тартып күчүнө кирүүчү 1-пунктту кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы А.У. Жапаров

Тиркемелер

Тиркеме 1

Тиркеме 2

Басып чыгаруу
