КР Министрлер Кабинетинин токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Бюджеттик программалардын натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана баалоо жөнүндө
Бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрү жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылуучу бюджеттик программаларга жана чараларга мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун макулдашылган жана бирдиктүү процессин камсыз кылуу, бюджеттик программаларды жана чараларды пландоонун жана ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 87-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
Төмөнкүлөр бекитилсин:
Бюджеттик программаларга мониторинг жүргүзүү жана бюджеттик программалардын жана чаралардын натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө отчетторду берүү тартиби 1-тиркемеге ылайык;
Бюджеттик программалардын жана чаралардын натыйжалуулугун баалоо тартиби 2-тиркемеге ылайык.
Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) бюджеттик программаларга жана чараларга мониторинг жүргүзүүдө жана балоодо, алардын натыйжалары жөнүндө отчетторду берүүдө ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Тартиптерди жетекчиликке алсын.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 17 “Бюджеттик программалардын натыйжалуулугуна мониторинг жана баалоо жүргүзүү тууралуу” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 17 "Бюджеттик программалардын натыйжалуулугуна мониторинг жана баалоо жүргүзүү тууралуу" токтомуПостановление · 28.01.2019 · № 17 · Күчүн жоготкон