# Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-августундагы №465 токтому

- Толук аталышы: Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-августундагы №465 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 465
- Кабыл алынган күнү: 19.08.2022
- Редакциянын күнү: 19.08.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-4059>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/4059>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-4059.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-августундагы №465 токтому (19.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-4059

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 30-апрелиндеги № 234 “Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2022/2023-жылдардын

күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

2022/2023-жылдардын күз-кыш мезгилинен өтүүгө даярдыкты камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 30-апрелиндеги № 234 “Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2022/2023-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

– 4-пунктунда:

2-пунктчасы “укугу менен” деген сөздөрдөн кийин “кайра кетүү багытын эске алып” деген сөздөр менен толукталсын;

5-пунктчасы “маршруттары боюнча” деген сөздөрдөн кийин “кайра кетүү багытын эске алып” деген сөздөр менен толукталсын, “Жалал-Абад,” деген сөздөн кийин “Ош,” деген сөз менен толукталсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу
