# КР Министрлер Кабинетинин 01.08.22 ж. №438 токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 01.08.22 ж. №438 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 438
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2022
- Редакциянын күнү: 09.08.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-4018>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/4018>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-4018.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 01.08.22 ж. №438 токтому (09.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-4018

---

Бирдиктүү казыналык эсептин иштөө тартибин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин акча каражаттарын натыйжалуу башкаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 105, 106-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Бирдиктүү казыналык эсептин иштөө тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын

24-июлундагы № 444 “Бирдиктүү казыналык эсептин иштөө тартибин бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Жобо.docx

Тиркеме.docx

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу
