КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Башталгыч кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын регламенттөөчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Башталгыч кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнү өркүндөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 18 «Билим берүү системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларына эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- төмөнкүдөй мазмундагы 42-пункт менен толукталсын:
«42. 2019-жылдын 1-апрелинен тартып мамлекеттик кесиптик лицейлерде бюджеттин каражаттарынын эсебинен окуучулардын санына жана бир окуучуга каржылоонун ченемине жараша эсептелген эмгек акы төлөө фондунун чегинде дем берүүчү эмгек акы төлөө фонду түзүлсүн.».
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 270 «Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акыларын эсептөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын эсептөөнүн тартиби жөнүндө нускамада:
4-главасынын 6-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
«2019-жылдын 1-апрелинен тартып мамлекеттик кесиптик лицейлерде бюджеттин каражаттарынын эсебинен окуучулардын санына жана бир окуучуга каржылоонун ченемине жараша эсептелген эмгек акы төлөө фондунун чегинде дем берүүчү эмгек акы төлөө фонду түзүлсүн.».
- төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
«Мамлекеттик кесиптик лицейлерде дем берүүчү эмгек акы фондунан төлөөлөрдүн конкреттүү өлчөмүн белгилөө жөнүндө чечимди педагогикалык жамаат ушул Нускаманын 5-тиркемесинде аныкталган тартипте кабыл алат.»;
- ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы 5-тиркеме менен толукталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу тийиштүү чараларды көрсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев
Тиркемелер
Тиркеме 1
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы №18 "Билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө токтому"Постановление · 19.01.2011 · № 18 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 270 "Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акыларын эсептөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 31.05.2011 · № 270 · Күчүн жоготкон