# КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы №376 токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы №376 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 376
- Кабыл алынган күнү: 02.08.2022
- Редакциянын күнү: 02.08.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-3998>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/3998>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-3998.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы №376 токтому (02.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-3998

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 14-октябрындагы № 220 “Региондорду өнүктүрүү фонддору тууралуу типтүү жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Региондорду өнүктүрүү фонддорунун ишин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 34-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2021-жылдын 14-октябрындагы № 220 “Региондорду өнүктүрүү фонддору тууралуу типтүү жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

– Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобо

1-тиркемеге ылайык;

– Региондорду өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен каржылоо үчүн социалдык долбоорлорду тандоонун критерийлеринин жана индикаторлорунун таблицасы 2-тиркемеге ылайык;

– Региондорду өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен каржылоо үчүн экономикалык долбоорлорду тандоонун критерийлеринин жана индикаторлорунун таблицасы 3-тиркемеге ылайык;

– Максаттуу каржылоо жөнүндө келишим 4-тиркемеге ылайык;

– Региондорду өнүктүрүү фонддоруна республикалык бюджеттен каражаттарды бөлүштүрүү тартиби 5-тиркемеге ылайык;

– Экономикалык долбоорлор боюнча кредиттик линияны финансы-техникалык тейлөөгө укуктарды өткөрүп берүү боюнча Регионду өнүктүрүү фондунун, финансы-кредиттик уюмдун жана ишкердик субъекттин ортосундагы типтүү макулдашуу 6-тиркемеге ылайык.”;

2) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси ушул токтомдун

1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

3) ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда 5 жана

6-тиркемелер менен толукталсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Тиркеме 1.docx

2 тиркеме.docx

Приложение 6 (1).docx

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу
