КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 30-январындагы “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейине “улуттук” статусту ыйгаруу жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 30-январындагы № 10 “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейине “улуттук” статусту ыйгаруу жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы “Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин эсепке алуу, коргоо, реставрациялоо жана пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” № 568 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын республикалык маанидеги тарых жана маданият эстеликтеринин мамлекеттик тизмесинин “Эстеликтин аталышы” графасынын 25-пунктундагы “Мамлекеттик” деген сөз “Улуттук” деген сөз менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-майындагы № 239 “Мамлекеттик мекемелерде жана уюмдарда “улуттук” статусу же “академиялык” ардактуу наамы болгону үчүн алардын кызматкерлеринин кызматтык маянасына үстөк акылар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Улуттук” статусу же “академиялык” ардактуу наамы бар мамлекеттик мекемелердин жана уюмдардын тизмеси төмөнкүдөй мазмундагы 30-пункт менен толукталсын:
“30. Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейи.”.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин кызматкерлеринин кызматтык маянасына 2018-жылдын 2-февралынан тартып “улуттук” статусу үчүн ай сайын үстөк акы эсептелери белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги:
- ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-майындагы № 239 "Мамлекеттик мекемелерде жана уюмдарда "улуттук" статусу же "академиялык" ардактуу наамы болгону үчүн алардын кызматкерлеринин…Постановление · 24.05.2011 · № 239
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы № 568 "Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин эсепке алуу, коргоо, реставрациялоо жана пайдалануу…Постановление · 20.08.2002 · № 568
- КР Президентинин 2018-жылдын 30-январындагы ПЖ № 10 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейине "улуттук" статусту ыйгаруу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 30.01.2018 · № 10
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон