# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-июлундагы № 328 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-июлундагы № 328 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 328
- Кабыл алынган күнү: 26.07.2018
- Редакциянын күнү: 26.07.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-395>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/395>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-395.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.07.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-июлундагы № 328 токтому (26.07.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-395

---

Гидрометеорология чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын гидрометеорология жана жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн булганышынын мониторинги боюнча маалымат берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Гидрометеорология жаатында маалымат берүү системасын иретке келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Гидрометеорология чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын гидрометеорология жана жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн булганышынын мониторинги боюнча маалымат берүү тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

- гидрометеорология жана жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн булганышынын мониторинги жаатындагы маалыматтардын тизмеги 2-тиркемеге ылайык.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр М.Д. Абылгазиев

Тиркемелер

Тиркеме 1

Басып чыгаруу
