# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-июлундагы № 329 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-июлундагы № 329 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 329
- Кабыл алынган күнү: 26.07.2018
- Редакциянын күнү: 26.07.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-393>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/393>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-393.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.07.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-июлундагы № 329 токтому (26.07.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-393

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-мартындагы № 184 “Кыргыз Республикасында Бажы союзунун техникалык регламенттерин колдонуу боюнча иш-чаралардын планы жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-мартындагы № 184 “Кыргыз Республикасында Бажы союзунун техникалык регламенттерин колдонуу боюнча иш-чаралардын планы жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) аталышы “Бажы союзунун” деген сөздөрдөн кийин “/Евразия экономикалык союзунун” деген сөздөр менен толукталсын;

2) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:

- “Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө” (БС ТР 018/2011)” 6-главасынын 3-пунктунун 2-пунктчасынын “Жооптуу аткаруучулар” графасы “Экотехинспекция” аббревиатурасынан кийин “, ИИМ” аббревиатурасы менен толукталсын;

- бардык текст боюнча “(саясат жагында)” деген сөздөр алып салынсын;

- ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакциядагы 37 - 45 - главалар менен толукталсын;

3) жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинде:

- 1, 3, 8, 9, 12, 13, 14 жана 19-главалары күчүн жоготту деп таанылсын;

- бардык текст боюнча “(саясат жагында)” деген сөздөр алып салынсын;

- ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакциядагы 20 жана 21-главалар менен толукталсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр М.Д. Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу
